Садыр Жапаров элчиликтердин алдына митинг уюштурбоого чакырды

Бишкекте өткөн митинг.

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына кыргызстандыктарды элчиликтердин алдына митинг өткөрбөөгө үндөп жазды.

Ал 2-апрель күнү кандайдыр бир топ Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барууну көздөп жатканы тууралуу маалымат алганын билдирген. Мамлекет башчы жарандарын чет өлкөлөрдүн элчиликтери ошол мамлекеттердин менчиги болуп саналарын эскертти:

"Элчиликтер жана анын аянтчалары кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө-жарым келип, эшигин каккылап, башаламандык кылганга акысы жок".


Садыр Жапаров Кыргызстан демократия багытынан кайтпасын, жарандардын оозун тыюу аракети туура эмес экенин белгилеп, митинг-акциялар үчүн Горький гүлбагы турганын билдирген.

"Митингдер сөзсүз өтүп турушу керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңөрдү, пикириңерди айткыла. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч,
элчиликтерди тынч коюңуздарчы", - деп жазган президент.

Мамлекет башчы Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Бишкекте Орусия менен Украинага байланыштуу акцияларга үч айга тыюу салынганы боюнча пикирин билдирген эмес.

Бишкекте орус-украин согушуна байланыштуу тынч жыйын, митинг же башка акция өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салынган. Мындай чечимди борбор калаанын төрт райондук соту мыйзамдуу деп тапканын Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлаган.

Бирок бул чектөө борбордук Ала-Тоо аянтында мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө тийиштүү эмес.(ZKo)

Дагы караңыз

Салафизмдин кылмышка түрткөн агымы"Биздин тасманы көргөндөр ала качууга каршы турат" Жемкорлукту айтып чыккандар темир тор артында калдыКиев Белгородго сокку урулганын ырастаган же четке каккан жокСадыр Жапаров Орозо айынын башталышы менен куттуктады Кыргызстан-Өзбекстан: Чек арадагы кызматташтык боюнча протокол кабыл алындыHRW Киевди орус аскерлеринин укугу бузулганы тууралуу маалыматты иликтөөгө чакырдыЧехия орус дипломаттарын "чөгүп бараткан кемени" таштап кетүүгө үндөдүБишкекте Орусия жана Украина боюнча акция өткөрүүгө тыюу салынды