Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Жемкорлукту айтып чыккандар темир тор артында калды


Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.

Лейлек райондук соту Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалиловду жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди камакта калтырды. Бул тууралуу адвокат Асылбек Кунгуров билдирди.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңештин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев 25-мартта кармалган. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылды. Эгембердиев менен Жалилов 3-апрелге чейин камакта калган.

Мурдагы айыл башчыларын бошотууну талап кылган тарапташтары бир аптадан бери нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Камакка алынган Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов деген ким? Эмне үчүн алардын окуясы бүтүндөй өлкөдө кызуу талкууланууда?

Жемкорлукту айтып чыккан айыл башчылары

Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагындагы окуялар соңку аптада коомчулуктун көңүл борборунда турууда. Айрымдар мурдагы айыл башчылары Саатбек Эгембердиев жана Бекжан Жалиловдун камалышына мамлекеттик мүлктөрдүн мыйзамсыз менчиктешип кеткенин ачык айтканы себеп болду деп баалоодо. Бирок, тергөө тобу аларды "социалдык обьектилерди курууда 1 миллион 20 миң сом каражатты кымырып алган" деп айыптап, "Коррупция" беренеси менен кармаган.

Эгембердиев менен Жалиловдун жактоочусу Асылбек Кунгуров прокуратура органдары койгон айып жана далилдер негизсиз экенин, баштапкы берене өзгөртүлүп жатканын айтты:

“Далилдери жетишсиз, ынанымдуу эмес. Соттук-бухгалтердик, соттук-курулуш-техникалык жактан мамлекеттик экспертизанын корутундусун алганда ошолор гана далил катары эсептелмек. Азыр иштин материалдарында андай нерсе жок болууда. Бирок ошого карабастан бөгөт чарасын караган сотко баштапкы “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренеден тез эле “Коррупция” деген беренеге айландырып алып барып жатышат”.

Адвокаттын айтымында, 2021-жылдын 26-августунда Баткен облустук прокуратурасы Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренесинин негизинде факт боюнча иш козгоп, тергөөнү улантуу үчүн аны Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүнө өткөрүп берген. Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсүнөн кийин тергөө жанданган. Азыр ишти облустук прокуратура карап жатат.

Журналисттик иликтөөдө аталган айыл өкмөтүн 2000-жылдардан кийин он жылдай жетектеген Турабай Бостонов жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аны облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы, мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү жакындарына мыйзамсыз менчиктештиргени айтылып, бул тууралуу Саатбек Эгемберидев менен Бекжан Жалилов далилдерди келтиришет.

26-мартта баш прокурордун буйругу менен бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынганы белгилүү болду.

Башкы прокуратура Жаңы-Жер боюнча иш кайсы берененин негизинде козголгону, иликтөө кандай жүрүп жатканы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Саатбек Эгембердиев ким?

Саатбек Эгембердиев 2013-жылы жергиликтүү кеңештин шайлоосуна жаш, демилгелүү команда менен катышып, көпчүлүк добушту алган. Ошондон кийин айыл өкмөткө жетекчи болуп келген. Айыл өкмөттө турганда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды дейт Достук айылында 40 жылдан бери жашаган Сулайман Эргешов.

"Саатбек айыл аймакка жетекчи болуп келери менен жакшы команда топтоду. Бекжан Жалиловду эсепчи кылып алып келип, элдин акысын жебей иштеп баштады. Мурда жеп кеткендерди артка кайтарып баштады. Буларга чейин айылда бир даараткана да курулган эмес. Тескерисинче, тонолуп, күндөн-күнгө айылдын кунары кете баштаган болчу. Ар бир айылга спорт аянтчасы, түнкү жарыктандыруу, суу, китепкана, ар бир айылдын мектеби оңдолуп, ар бир чакан айылда жергиликтүү бийликтин бирдиктүү терезесин уюштурган. Мына ушинтип эле элдин түйшүгүн кыскартса болот экен. Анан эле мурда айыл аймактын мүлкүн кенен менчиктештиргендер чогулуп, буларды четтетүү аракетин көрүштү. 2019-жылы эң жакшы көрсөткүч болуп, Баткен облусунда биринчи жолу айыл өкмөтүбүз өзүн-өзү каржылоого жетишти. Ошого карабай кызматтан алып салышты. Кийинки жылы эл кайра эле ушул команданы шайлап берди. Демек, эл кимдин ким экенин билет экен”.

49 жаштагы Саатбек Эгембердиев кесиби мугалим, буга чейин медиа тармагында эмгектенген. Айыл өкмөтүнөн 2019-жылы район акиминин чечими менен кеткен.

“Мени жумуштан алууда жер берилген жок, тапшырмалар аткарылбады деген жүйөлөр айтылган. Мен кеткенден кийин деле жер берилген жок. Анан бюджеттен алты миллион сом иштетилбей, кийинки жылга ашып калып кеткени да себеп делинген”.

"Мамлекеттин мүлкүн кайтарып алабыз"

2021-жылы жергиликтүү кеңешке шайлоодо Эгембердиевдин командасы кайра эле добуштардын эң көбүн утуп алган. Шайлоодон кийин Бекжан Жалилов айыл аймагына башчы болуп келген. Саатбек Эгембердиев айылдык кеңешке төрага болуп шайланат.

Алар мурдагы ишин кайра улантып, айыл аймактагы менчиктештирилип кеткен мүлктөрдү кайтарууга аракет кылышкан. Бекжан Жалиловдун айтымында, ошондон кийин өздөрүнө дагы арыз жазылып, айыл аймактагы мурда курулган социалдык обьектилерди текшерүү күчөп, прокуратура тергөө тобун түзгөн.

“Кызыкчылыгы бар кишилер топтошуп алып бири арыз жазып, бири иш козгоп жатышат. Мен Башкы прокуратурага ишти башка аймактын укук коргоо кызматтары иликтесин деп кайрылгам. Прокуратура тергөө купуялуулугун бузуп, алдын ала ЖМКларга маалымат таркатып, мынча сом жеп койду деп айтууда. Мындан тышкары мамлекеттин акчасына жеке аудиторлорду жалдап текшертип жатат. Мен булардын баары мыйзамсыз экенин айттым”.

Ошентип эки айыл башчынын камакка алынышы чуулуу окуяга айланды. Көптөр мунун соңу эмне менен бүтөрүн күтүп жатышат дейт активист, акын Сарвар Турдубаев.

" Бир мезгилде президент коррупция тууралуу айткандарды факты бергиле деп коюп, бирок, эч аракет жасабай эле кала берген. Азыр да ошол учурду эске салат да. Эгер азыр ушул көрүнүш болсо мындан ары ким коррупцияны ачыктап чыгат. Коом өнүкпөй эле кала берет”.

Акыркы мезгилде чек арадагы кырдаалдан улам Баткенге өзгөчө көңүл бурулууда. Соңку окуя борбордон алыс жайгашкан аймакта чек арадан башка дагы толгон-токой көйгөйлөр бар экенин көрсөттү.

XS
SM
MD
LG