Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:39

Садыр Жапаров Орозо айынын башталышы менен куттуктады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 1-апрелде өлкөнүн мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий-экономикалык каатчылык маалында жалпы адамзат баласына кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тилөөгө чакырды.

“Ошону менен бирге, эзелтен эле кыргыз калкыбыздын улууну урматта, кичүүнү ызаатта деп чакырык салган каада-салттарын бүгүнкү муун дагы кынтыксыз улантып кетерине ишенем. Бабалардан калган кааданы улап, ата салтына уюп келе жаткан мекендештерибиз бири-бирин кечирип, бири-бирине болгон ымаласын арттырып, Мекенге болгон сүйүүсүн бекемделе берсин. Колу ачык, март жарандарыбыз калктын муктаждыктарын чечип, ажатын ачып, кайрымдуулук иштерине себепкер боло беришине тилектешмин”, - деди Жапаров.

Кыргызстанда Орозо айы быйыл 2-апрелде башталат. 28-апрелге караган түн Кадыр түн болот.

Жалпы мусулмандар ыйык тутуп, ниет кылган Орозо айы бир айдан кийин майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат. (RK)

XS
SM
MD
LG