Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Улукбек Балагазыев 31-мартта басма сөз жыйынында билдирди. Ага ылайык, катталган фактылардын 44ү сотко жиберилген жана басымдуу бөлүгүн кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууну убада кылып, алдап кеткендер түзөт.
Быйыл жыл башынан бери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга байланыштуу 32 кылмыш иши козголгон.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 118 жеке агенттик бар. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин билдиришинче, былтыр жалпысынан мындай 203 агенттикке уруксат берилген.
2022-жылдын эки айында Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна уруксат берүү жана узартуу үчүн 33 арыз келип түшкөн. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин билдирген.
Апта башында милиция учурда социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Британияда, Европа жана Азия өлкөлөрүндө жумушка орноштурууну убада кылган жалган маалыматтар тарап жатканын эскерткен. Алдамчылыкка жол бербөө жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн жарандарды шектүү жагдайлар, учурлар тууралуу милицияга кабарлап турууга чакырган.
Дагы караңыз
Кумтөр: жылдык отчет, купуя келишим"Мыйзамсыз камалганым үчүн сотко кайрылам"Украина: Москванын убадасы, токтобогон чабуул "Элдик курултай" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду Түркияда баш калка издеген качкындар