2022-жылы Орусиянын экономикасы 10 пайызга, Украинаныкы 20 пайызга төмөндөйт.
Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 31-мартта билдирди. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул банк Украинадагы согуш товар жана азык-түлүк менен камсыздоо каналдарына чоң сокку ура турганын эскертти.
ЕРӨБ согуш башталганга чейин быйыл Украинанын экономикасы 3,5%, Орусияныкы 3% өсөт деп жоромолдогон.
"Орусияга киргизилген санкциялар жакынкы келечекте алынбайт. Бул 2023-жылы Орусиянын экономикасын стагнацияга кириптер кылат. Анын терс таасири Чыгыш Европадагы, Кавказдагы жана Борбор Азиядагы өлкөлөргө тиет", - деп айтылат банктын билдирүүсүндө.
Прогнозго ылайык, Орусиянын жакын өнөктөшү саналган Беларустун экономикасы быйыл 3 пайызга төмөндөп, 2023-жылы сенектикке дуушар болот.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы белгилегендей, эгер жакынкы айларда Украинада ок атышпоо келишими кабыл алынып, өлкөнү кайра куруу иштери башталса, 2023-жылы украин экономикасы 23 пайызга өсүшү мүмкүн. Эл аралык экономикалык санкциялардан улам Орусиянын экономикасында кийинки жылы өсүш болбойт.
Орусиянын армиясы Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды.
Дагы караңыз
Талас: айылдагы талкуу жараткан спорт зал оңдолору күтүлүп жатат Британия: Орус күчтөрү Украинанын түндүгүнө сокку уруп жататКыргызстанда оппозициялык кыймыл түзүлдү Ысык-Көлдө “Байрактар” менен машыгуу өтүп жататЖурналисттин өлүмүнө шектүү бир айга камалды