Бишкекте "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлдү. Аталган кыймылдын мүчөлөрү алгачкы жыйынын Бишкектеги Горький аянтында өткөрүп, программасын жарыялады.
Кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.
Оппозициялык кыймылда саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер бар.
Кыймылдын координатору болуп Мамбетжунус Абылов шайланган.
Кыргызстандын тарыхында буга чейин ар кандай оппозициялык кыймылдар болгон.
2005-жылдын астында "Кыргызстан элдик кыймылы" (КЭК), 2008-жылы Бириккен элдик кыймыл (БЭК) деп аталган оппозициялык блок түзүлгөн. БЭКке төрт кыймыл, жети саясий партияны жетектеген саясатчылар кирген.
2010-2021-жылдары өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялардын бир бөлүгү добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, өзүнчө “Элдик парламент” түзүү аракетин көргөн.
2021-жылы Кыргызстан 10 жылга созулган парламенттик-президенттик башкаруу формасынан соң кайрадан президенттик башкарууга кайткан. Андан кийин мамлекеттик кызматты ээлеген, коомдук турмушка активдүү катышкан активисттер көп камалган. Бир катар саясатчылар Кумтөр кенине байланыштуу кылмыш ишинин кылтагына илинген. Оппозия жана жарандык коом өкүлдөрү муну сөз эркиндигине карата кысым катары баалаган.
2022-жылы февраль айында Лондондогу The Economist Intelligence Unit (EIU) уюму демократия тууралуу дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан соңку бир жылда сегиз орунга артка кетип, “гибрид режим” деген макамдан ажырап, “авторитардык” режими бар өлкөлөрдүн катарына кошулганын жарыялаган.
Уюм мындай көрсөткүчтөрдү өлкө президенттик башкарууга өткөнү, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары жана таасири кеңейгени менен негиздеген.
Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү "өлкө демократиялык өнүгүүдөн чегинди" деген дооматтарды четке кагып келет.