Казакбаев Германияда "Немис толкуну" радиосуна маек курду

Руслан Казакбаев.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ушул күндөрү жумушчу иш сапары менен Германияда жүрөт.

Министр иш сапарынын алкагында "Немис толкуну" (DW) маалымат каражатына Украинадагы кырдаал, Орусияга салынып жаткан санкциялардын Кыргызстанга таасири, эмгек мигранттары жөнүндө интервью берген.

Руслан Казакбаев орус-украин мамилесинде Кыргызстан калыс позицияны кармана турганын, ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнү колдой турганын билдирген.

Министр Орусияга салынып жаткан санкциялардын таасири Кыргызстанга тийип, кесепетин дүйнөдөгү бир топ мамлекет тартып жатканын айткан.

Андан тышкары Кыргызстан тышкы саясатында Европа Биримдиги менен мамиле курууга өзгөчө көңүл бура турганын белгилеген.

Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстан калыс позицияны кармана турганын билдирип келет. Президент Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияда экенин жарыялаган.

Дагы караңыз

Түрк президентинин Ташкенттеги сапарында 10 документке кол коюлдуКой-Таш окуясы боюнча сот жарым-жартылай ачык өтүүдөОңой оокатка азгырык: маңзат соодасына айыпталган мигранттарЭл-жерди баккан Орто-Токой