Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Түрк президентинин Ташкенттеги сапарында 10 документке кол коюлду


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (оңдо) жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, Ташкент, 29-март 2022-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (оңдо) жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, Ташкент, 29-март 2022-жыл.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Ташкенттеги жолугуусунда 10 макулдашууга кол коюлду. Түрк президентинин басма сөз кызматы 30-мартта билдиргендей, документтердин арасында эки өлкөнүн ортосунда артыкчылыктуу соода жана аскердик кызматташтык багытында келишимдер бар.

Эрдоган акыркы жолу төрт жыл мурда Өзбекстанга келип кеткенин эске салып, эки бир тууган өлкөнүн ортосундагы кызматташтык соңку жылдары тереңдеп баратканын айтты.

"Өткөн жылы соода жүгүртүүбүз 72% чейин көтөрүлүп, 3,6 миллиард доллардан ашты. Өтө аз убакыттын ичинде, бир жылда 5 миллиард долларга жеткиребиз деп турабыз. Муну менен токтоп калбай, чекти дагы көтөрүп, орток кадамдар аркылуу 10 миллиард доллага жеткиребиз", - деди Эрдоган.

Ал өткөн жылы Түркияда иштеген өзбек жарандарынын саны 270 миңден ашканын, алардын санын 500 миңге чейин жеткирсе болорун кошумчалады.

Буга чейин түрк басылмалары 2021-жылдын жыйынтыгы менен Түркия Өзбекстанда эң көп ишкана ачкан өлкөгө айланганын жазган. Өзбекстандын Статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, былтыр өзбек жергесинде түркиялыктар 407, орусиялыктар 356, Кытай 266 ишкананын ачылышына көмөктөшкөн. 209 компания Казакстандан келген капиталдын, 97 ишкана түштүк кореялыктардын инвестициясы менен ачылган.

Эрдоган эки күндүк расмий сапары менен 29-мартта Өзбекстанга келген. Өзбек президентинин сайты жазгандай, эки лидердин сүйлөшүүлөрү шаршембиде Хива шаарында уланмакчы.

XS
SM
MD
LG