Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-мартта Жапониянын парламентинде видео байланыш аркылуу билдирүү жасап, Москванын агрессиясына санкция менен жооп кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал санкцияларды дагы кеңейтип, Орусия менен соода-сатыкка толук чектөө киргизүүнү өтүндү.
Зеленский буга чейин АКШнын Конгрессинде, Германиянын Бундестагында, Израилдин Кнессетинде билдирүү жасап, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү суранган. Мындан сырткары эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин платформаларында, ар кайсы өлкөлөрдө өткөн митингдерде да видео аркылуу сүйлөгөн.
Украин президенти 23-мартта Франциянын Улуттук жыйынында да видео байланышка чыгары күтүлүүдө. 24-мартта НАТОнун Брюсселде өтчү саммитинде жана Швециянын парламентинде кайрылуу жасайт.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Дээрлик бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.
Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адамдар каза болуп, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. (ErN)
Дагы караңыз
“Талибан” кыздардын мектепке келүүсүнө кайрадан тыюу салды“Балыкчы-Кочкор” темир жолун курууга даярдык башталдыПольша Орусиянын 45 дипломатын өлкөдөн чыгарууну сунуштадыМамлекеттик телеканалдардын жетекчилиги айлык маселеси чечилип жатканын билдирди