Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:21

Польша Орусиянын 45 дипломатын өлкөдөн чыгарууну сунуштады


Орусиянын Польшадагы элчилиги. Варшава, Польша.
Орусиянын Польшадагы элчилиги. Варшава, Польша.

Польшанын Чалгын кызматы Тышкы иштер министрлигине кайрылып, Орусиянын 45 дипломатын "тыңчылык иштерге тиешеси бар" деп, өлкөдөн чыгарууну өтүндү. Бул тууралуу чалгын кызматынын расмий өкүлү Станислав Зарын 23-мартта кабарлады.

“Ички коопсуздук боюнча агенттик дипломатиялык ишмердүүлүктү жамынып, Польшанын аймагында чалгын иштерин жүргүзүп келген 45 адамдын тизмесин түздү”,-деди Зарын журналисттерге.

Буга байланыштуу Орусиянын Польшадагы элчилиги министрликке чакыртылды. Чечим жолугушуудан кийин жарыяланат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга жооп болорун, зарыл болсо алар да Польшанын дипломаттарын өлкөдөн чыгарарын маалымдады.

Буга чейин Болгария өлкөдөгү орус дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн 10 кызматкери "персона нон-грата" деп жарыялаган, Латвия, Литва жана Эстония дагы орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарарын билдирген. Мындай чечимдер Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу кабыл алынып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG