Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

“Балыкчы-Кочкор” темир жолун курууга даярдык башталды


“Балыкчы-Кочкор” темир жолун курууга камылга башталды.
“Балыкчы-Кочкор” темир жолун курууга камылга башталды.

“Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушун баштоо үчүн маршруттун баштапкы тилкесинде жер казуу, шагыл толтуруу иштери жүрүп, темир, бетон төшөлүп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы маалымдады.

“Долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарын жана Жылуулук борборун көмүр менен камсыз кылууда Кара-Кече кенинен көмүр ташуу үчүн эң арзан жол”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече” долбоорунун биринчи этабында узундугу 63 чакырым болгон “Балыкчы - Кочкор” темир жолун куруу пландалган.

Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кени Кыргызстандын түндүк аймагын көмүр менен камсыздайт.

“Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече” темир жолунун узундугу 186 чакырымды түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG