Башкы прокуратура журналист Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына чыккан видеодогу Баткендин Лейлек районундагы менчиктештирилген мүлктөр боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы иш башкы прокурор Курманбек Зулушевдин көзөмөлүндө экенин билдирди.
Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы Арка, Жаңы-Жер айылдарындагы менчикке өтүп кеткен имараттар жөнүндө үч видео жарыялады. Исаков “Азаттыкка” ал видеолор жөнүндө буларды айтты.
“Эптеп формалдуу кагаздарды жасап, сатып алышкан. Эми ошону коргоп калууга азыркы айыл жетекчилери, жаштары чыгып жатат. Айылдагы эң жакшы жерлердин баары мурунку жетекчилердин колуна өтүп кеткен”, - деди Исаков.
Ютуб каналында 250 миңден ашык катталуучусу бар журналист Ыдырыс Исаков өлкө аймактарын кыдырып, мыйзамсыз иштер жөнүндө айтып берет. (TSh)
Дагы караңыз
Мамлекеттик телеканалдардын жетекчилиги айлык маселеси чечилип жатканын билдирди Дүйнөдөгү эң чоң яхта Путинге таандыкпы? COVID-19: Бир бейтап каза болуп, он учур жаңы катталдыПольша Орусиянын 45 дипломатын өлкөдөн чыгарууну сунуштадыS-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси үй камагына чыкты