Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:12

COVID-19: Бир бейтап каза болуп, он учур жаңы катталды


Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 23-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2982 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы он адамдан табылган. Алардын төртөө Бишкек шаарында, алтоо Чүй облусунда катталган.

Акыркы суткада 19 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө 88 бейтап ооруканада, 69у үйүндө дарыланууда.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 826 адам болду.

Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб АКШ менен Европада коронавирустун "дельта" жана "омикрондун" мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталганын билдирген.

Кыргыз өкмөтү бул илдетке маани бербей же унутта калтырууга болбой турганын эскертүүдө.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Биринчи толкун ошол жылдын июль айына туура келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталып жаткан. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда болуп өттү.

12-марттан тартып коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде коюлбайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG