Дүйнөдөгү эң чоң яхта Путинге таандыкпы?

Орус оппозициясынын абактагы лидери Алексей Навальныйдын командасы жарыялаган баяндамада Владимир Путинге таандык экени айтылган 700 миллион долларлык яхта тууралуу сөз болду. Ал эми Түркияга сүзүп барган Роман Абрамовичтин супер яхталарына украин спортчулары нааразылык билдирип чыгышты.

"Шахерезада" Путинге таандыкпы?

Алексей Навальныйдын командасы жаңы иликтөөсүндө узундугу 140 метрлик "Шехерезада" деп аталган супер яхта тууралуу баяндайт. Маалыматка караганда, кеме 2020-жылы Германияда жасалган. Дүйнөдөгү эң чоң яхталардын бири саналган "Шехерезаданын" чыныгы ээси ким экени белгисиз.

"Шехерезада" деп аталган супер яхта.

Быйыл март айында The New York Times басылмасы өз булактарына таянып, америкалык аткаминерлер "Шахерезаданы" Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланыштырганын жазган.

Басылманын маалыматына караганда, яхта 2020-2021-жылдары Путиндин Сочидеги резиденциясына эки жолу сүзүп барган. Анда журналисттер яхтанын орус президентине караштуу экенин анын мурдагы экипаж мүчөлөрүнүн бири айтканына таянып кабарлаган.

Журналисттер яхтанын экипаж мүчөлөрүнүн тизмеси менен таанышып чыккан соң капитандан башка 23 кишинин баары тең Орусиянын жарандары экени аныкталган.

"Капитандын жардамчысы, боцман, анын жардамчысы жана экипаждын калган мүчөсү Федералдык күзөт кызматынын учурдагы кызматкерлери экени белгилүү болду. Алардын көбү ФСБнын Сочидеги аскердик бөлүгүнүн дарегине катталган", - деп айтылат иликтөөдө.

Буга чейин яхтанын капитаны Гай Беннет-Пирс америкалык басылмага "Шехерезаданын" ээси Путин эмес экенин жана Орусиянын президенти кемеге баш бакпаганын айткан. Ошол эле маалда ал яхтанын чыныгы ээси ким экенин айтуудан баш тарткан.

Эгер Путин менен байланышы аныкталса, яхта камакка алынары айтылууда. Анткени Евробиримдик орус президентине санкция салган. Ушул тапта "Шехерезада" Италиянын Тоскана аймагында оңдолуп жатканы кабарланды.

Түркияны байырлай баштаган супер яхталар

Ал арада дүйнөдөгү эң чоң яхталардын тизмесинде үчүнчү орунда турган Eclipse дүйшөмбүдө Түркиянын Мармарис туристтик аймагынын жээгине келип токтоду. Бул яхта орусиялык олигарх Роман Абрамовичке таандык.

Eclipse супер яхтасы.

Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" агенттиги узундугу 164 метр, туурасы 22 метр, 6 кабаттуу яхтага аймакта ылайыктуу жээк табылбай, ал үчүн атайын жай даярдалганын жана коопсуздук кызматкерлеринин көзөмөлүндө экенин жазды.

Абрамовичтин 340 миллион еврого бааланган яхтасында тик учак конуп-уча турган аянтча, бассейн, бөлмөлөр, кайыктар жана спорт залы да бар экени айтылат.

Бул кеме Түркияга Грекиядан сүзүп келгени, ал бул жерде бир жума гана турары белгилүү болду.

Ал арада Абрамовичке таандык көз жоосун алган дагы бир супер яхта Түркияга 22-мартта сүзүп келди. 430 миллион стерлинг турган Мy Solaris деген кеме былтыр Германияда чыгарылып, дүйнөдөгү эң чоң яхталардын катарына кирет. Ал шейшембиде Түркиянын Бодрум шаарынын жээгине жакындаганда украиналык спортчулар желек булгалап, "Украинадагы согушка каршыбыз!" деп кыйкырып чыгышты.

My Solaris суперяхтасы.

Украин спортчуларын түрк полициясы кармап, кайра бошоткону кабарланды. Алар суракта Бодрумга согуш баштала электе келгенин, учак каттамдары болбогондуктан Туркияда калганын айтышкан.

Ошентип, Түркияга келген эки яхтанын ичиндегилер кимдер экени, Абрамовичтин өзү же жакындары бар-жогу белгисиз. Буга чейин жыл сайын Түркиянын туристтик аймактарына яхтасы менен сүзүп келчү орус олигархтарын жергиликтүүлөр жакшы кабыл алып, берешендик менен сыйлаганы белгилүү.

Абрамович баштаган орусиялык олигархтарга санкция салынды

7-мартта “Челси” футбол клубунун ээси Роман Абрамович клубду сатарын, андан түшкөн акчаны Украинадагы согушта жабыркагандарга жардам берчү кайрымдуулук фондуна жумшай турганын билдирген. Ага карабай, Британия Абрамович баш болгон орусиялык бир катар белгилүү бизнесмендер менен мамлекеттик компаниялардын жетекчилерине санкция салган.

Роман Абрамович.

Ошол күндөрү Би-Би-Синин журналисти Саймон Стоун "Челси" клубунун дүкөндөрү жабылып, оюндарына билет сатылбай калганын "Твиттерге" жазды. Оюнчулар менен келишимдерди узартууга, жаңы футболчуларды тартууга же башка клубдарга жиберүүгө тыюу салынды.

Буга чейин орусиялык олигарх клубду башкарууну “Челсинин” кайрымдуулук фондунун камкорчулар кеңешине өткөрүп берген. Абрамович "Челсини" 2003-жылы 140 миллион фунтка сатып алган. Андан бери бул клуб 21 жолу ар кыл титулдарды утуп алды.

"Кара тизмеге" кабылгандар Британиянын аймагына кире алышпайт, активдерин пайдаланууга жол берилбейт.

Орусия быйыл 24-февралда Укринага басып киргенден кийин АКШ, Канада, Британия, Австралия, Швейцария жана Евробиримдиктин өлкөлөрү орус аткаминерлери менен олигархтарына санкцияга киргизген. Анын ичинде Владимир Путинге да санкция салынган. Иш жүзүндө бул орус президентине салынган алгачкы санкциялар болуп жатат.

Ошондой эле Жапония, Австралия жана Жаңы Зеландия да Москвага каршы жаңы санкцияларды жарыялады. Чектөөлөр Путин баштаган аткаминерлерди, олигархтарды, мамлекеттик карыз менен иштеген өкмөттүк мекемелер жана орусиялык банктарды камтыйт.