Украин бийлиги Мариупол шаары Орусиянын аскерлери тарабынан таптакыр талкаланганын билдирип, муну “террор” деп баалады. Москва болсо, согушта "гипер ылдамдыкка ээ ракетасын колдонгонун" маалымдады. Тараптарды сүйлөшүүгө чакырган өлкөлөрдүн аракетинен майнап чыга элек.
Мариупол жана үндөн ылдам ракета
Расмий Киевдин билдиришинче, орус аскерлери бастырып кирген аймактардын дээрлик бардык багыттары боюнча аткылоосун улантууда. Борбордон сырткары Харьков, Николаев, Мариупол шаарлары катуу соккуга кабылып жатат.
Азов деңизинин боюнда жайгашкан Мариупол бир канча күндөн бери бомбаланууда. The Guardian тараткан тасмадагы кадрларда өрттөнгөн, талкаланып, тыптыйпыл болуп калган имараттарды көрүүгө болот.
Украин президенти Владимир Зеленский 20-марттагы кайрылуусунда, Мариупол шаарын курчоого алган орус күчтөрүн айыптады.
“Украиналыктар орус агрессиясына каршы күрөшүн өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында улантууда. Аскерлерибиз, коргонуу күчтөрүнө кошулган жарандарыбыз эр жүрөктүк менен салгылашууда. Орусиянын аскерлери жайкын тургундарды аткылоосун улантып жатат. Блокадага кабылган Мариуполдо кылымдарга эстелип кала тургандай кыргын болууда. Бул - ачыктан ачык террор”,-деди президент.
Мариуполдогу жергиликтүү бийлик орус күчтөрү 400дөй киши баш калкалаган искусство мектебин бомбалаганын маалымдады. 20-мартта Telegram баракчасындагы маалыматта, урандылардын астында адамдар калышы мүмкүн экени кабарланды. Ага чейин Мариупол шаарындагы драма театрына түшкөн бомбадан улам имарат тыптыйпыл болгон. Бийлик имараттын астындагы баш калкалоочу жайдан жүздөгөн адамдарды куткарган.
Украинанын “Азов” улуттук гвардиясы жекшемби күнү Орусиянын аскердик-деңиз флотунун төрт кемеси Мариуполду удаа-удаа аткылап кеткенин кабарлады. Ушул эле күнү шаар авиация, артиллерия, танк жана башка оор куралдар менен аткыланган.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги биринчи жолу Украинанын батыш бөлүгүндө үндөн ылдам учуучу "Кинжал" ракетасын колдонгонун билдирди. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков атайын брифингде айтып чыкты.
"18-мартта "Кинжал" авиациялык комплексинин гипер ылдамдыктагы аэробаллистикалык ракеталары менен Ивано-Франковск облусунун Делятин калктуу пунктундагы украин күчтөрүнүн ракеталары жана авиациялык ок-дарылары сакталган жертөлөдөгү ири кампасы жок кылынды", - деп билдирди Конашенков.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү Делятин аймагына сокку урулганын ырастаганы менен бул чабуулда кандай ракета колдонулганы дагы такталышы керек экенин айтууда.
CNN телеканалы кабарлагандай, АКШнын расмийлери Орусия Украинадагы согушта гипер ылдамдыктагы куралды колдонгонун ырастады. Вашингтон бул соккунун эки максаты болгонун: биринчиси - жаңы куралдын өзүн сыноо, экинчиси, орус аскерлеринин мүмкүнчүлүгүн Батыш өлкөлөрүнө көрсөтүү катары мүнөздөдү.
Орус армиясы "Кинжал" ракетасы үндөн беш эсе ылдам уча аларын, абадан коргонуу системаларына кармалбастан 2 миң чакырым алыстыктагы бутага сокку урарын билдирип келет.
Майнапсыз сүйлөшүүлөр жана жоготуулар
Орусиянын Коргоо министрлиги алардын куралдуу күчтөрү чабуулдар башталгандан бери Украинанын 4 миңдей аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирүүдө.
Министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков 20-мартта кабарлагандай, мындан сырткары Украинанын 1467 танкы жана башка чопкутталган аскердик техникасы, 100дөй учагы, 148 ракета атуучу системасы, 201 учкучсуз аппарат, 564 талаа артиллериясы жана миномёттору жок кылынган.
Муну менен бирге орус тарап өз жоготуулары жөнүндө маалымат бербей жатат. Акыркы жолу 2-мартта гана 500дөй жоокери өлгөнүн, 2 миңдейи жаракат алганын маалымдаган.
Украинанын Коргоо министрлиги 20-мартка карата орус армиясынын жоготуулары 15 миңге чукулдаганын маалымдады. Мунун ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналууда.
Мекеме жаңы маалыматында, Орусиянын 96 учагы, 118 тик учагы, 476 танкы, 1487 чопкутталган транспорту, 947 автоунаасы, 230 артиллериялык системасы, 74 замбиреги (пушка), бир “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 50 ракета атуучу системасы, 60 цистернасы, 21 учуучу аппараты, үч кемеси, 44 абадан коргонуу системасы жок кылынганын кабарлады.
Жалпы жонунан 562 орус аскери туткунга түшкөн. Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук алар атайын лагерлерде эл аралык укуктун нормасына ылайык кармалып жатканын билдирди.
“Алар камсыздоодо турушат жана биздин жоокерлер сыяктуу эле тамактанууда. Туткундар миңдеп саналат. Бирок суракка алган учурда алар туткундан кайра Орусияга кайтуудан баш тартышууда. Кармалгандардын арасында аскердик кызмат өтөөгө барган жоокерлер да бар экени аныкталды”,-деди Верещук.
Орусия башында согуштук аракеттерге милдеттүү аскердик кызмат өтөгөн жоокерлер катышып жатканын төгүндөгөн. Кийин алар катышып жатканын, ал тургай туткунга да түшүп калганын мойнуна алган. Москва бул билдирүүсүнөн кийин милдеттүү кызмат кылган жоокерлер Украинанын аймагынан чыгарылып кеткенин маалымдаган.
Кырдаалды жөнгө салып, ок атышуунун шарттарын кароо боюнча орус-украин сүйлөшүүлөрү толук жыйынтык бербей жатат. Украин президенти Владимир Зеленский орус президенти Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирүүлөрүндө улам-улам айтып келет. Москва болсо өз шарттарына көнмөйүнчө диалог мүмкүн эмес экендигин билдирүүдө.
Соңку сүйлөшүүлөр негизинен Беларустун аймагында өтүп жатат. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өз аймагында уюштуруп берүүнү Швейцария менен Түркия да сунуштады.
20-мартта CNN телеканалына курган маегинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинди кайрадан сүйлөшүүгө чакырды.
“Мен аны менен сүйлөшүүгө даярмын. Менин оюмча, биз сүйлөшүүсүз согушка чекит коё албайт окшойбуз. Эгер бизде согушту токтотуу үчүн 1% шанс болсо, менимче, биз ал шансты колдонуп калышыбыз керек. Ошон үчүн Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышыбыз керек. Бирок биздин аракеттерибиз өзүн актабаса, анда анын арты Үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келет”,-деди Владимир Зеленский.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде, Харьковдо, Мариуполдо жана Львовдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти.