Кыргызстанда 2021-жылы 7437 автокырсык катталып, анын кесепетинен 868 киши каза болуп, 11 миң 357 адам жаракат алды. Жол кырсыктарынан мерт кеткендердин ичинен 114ү балдар.
Бул тууралуу 17-мартта парламентте Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.
Президент Садыр Жапаров былтыр декабрь айында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, “Унаа” мамлекеттик мекемеси Ички иштер министрлигине караштуу болуп, айдоочулук күбөлүк берүү, квалификациялык сынактарды өткөрүү, автомектептерге лицензия берүү министрликтин колуна өткөн. Расмий маалымат боюнча, кырсыктардын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсүнөн болот. (BTo)
Дагы караңыз
Милиция кармап кеткен укук коргоочулар сурактан чыга элекӨзбекстан Донбасстагы жикчил аймактарды тааныбай турганын жарыялады Казак президенти парламентти күчөтүүнү сунуштадыЗеленский Украинанын аба мейкиндигин жабууну кайрадан сурандыМедициналык окуу жайлардагы студенттердин 77% чет элдиктер түзөт