Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:52

Милиция кармап кеткен укук коргоочулар сурактан чыга элек


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы митинг учурунда милиция кармап кеткен укук коргоочулар бошотула элек.

Алар шаардын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берип жатышканын "Азаттыкка" билдиришти. Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы 17-мартта эртең менен милиция кармап кеткен.

Маалыматты "Кылым шамы" укук коргоо уюумунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова "Азаттыкка" ырастаган. Бул күнү айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар элчиликтин алдында Украинадагы согушка каршы акцияга чыгышкан.

Милиция азырынча комментарий бере элек.

Акыйкатчы Атыр Абдырахматова укук коргоочуларды кармап кеткен окуяга байкоо салып турарын "Азаттыкка" билдирди.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.

Мындай иш-чараларды Бишкектин Максим Горький атындагы скверде уюштурса боло турганы кабарланган.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол маалда Москваны жактагандар да пикетке чыккан.

Расмий Бишкек калыс позицияны карманып, Киев жана Москваны жаңжалды сүйлөшүү, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырып келет.

24-февралда Орусия Украинага бастырып киргенден бери бир нече шаарлар талкаланды. 3 миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны өсүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды.

XS
SM
MD
LG