Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Зеленский Украинанын аба мейкиндигин жабууну кайрадан суранды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын Конгрессинин эки палатасындагы кайрылуусунда, Киев күн сайын орус аскерлеринин аткылоосуна кабылып жатканын маалымдап, бирок алар жеңилбей турганын айтты. Ал украиндер Орусиянын агрессиясына 24-февралдан тарта эле эмес, 2014-жылы Крым аннексиялангандан бери каршылык билдирип келатканын эске салды.

Зеленский бул жолу да Украинанын аба мейкиндигин жабууну суранды. Ал болбосо С-300 зениттик-ракеталарына жана авиациялык соккуларга каршы туруу системасы менен камсыздоону өтүндү. Президент мындан сырткары Москвага каршы дагы башка санкцияларды салууга чакырды.

Мунун алдында АКШ президенти Жо Байден Украинага 13,6 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик, гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга кол койгон. Ага чейин НАТО Украинага советтик ракеталык соккуларга каршы системасын жеткиргенин CNN телеканалы жазган.

Расмий Киев Украинанын аба мейкиндигин жабууну согуш башталгандан бери суранып келатат. АКШ жана НАТОнун өкүлдөрү андай болсо алардын истребителдери орус учактарын атып түшүрүүгө аргасыз болушарын билдиришкен. Алар мындай шартта үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетиши мүмкүндүгүн билдирип, мындан баш тартышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG