Европа Кеңеши Орусияны уюмдан толук чыгарды

Европа Кеңешинин имараты.

Европа Кеңешинин Министрлер комитетинин Орусияны аталган уюмдан чыгаруу тууралуу токтому күчүнө кирди. Буга чейин Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы Орусияны тизмеден чыгаруу сунушун колдоп добуш берген.

Быйыл 24-февралда Украинага басып киргенине байланыштуу уюм Орусиянын мүчөлүгүн токтоткон. Андан соң орус Тышкы иштер министрлиги өлкө уюмдун ишине катышпай турганын жарыялап, Европа Кеңешине андан чыгарын расмий кабарлаган.

Орусия уюмдан чыккан соң орус жарандары Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыла алышпайт. Ошондой эле Москва өлүм жазасынан баш тартуу сыяктуу милдеттемелерге байланбайт.

Москва 1996-жылы Европа Кеңешине кирген жана анын тарыхында кайра чыгып кеткен биринчи мамлекет болуп калды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын дээрлик бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуул Киевге жана Харьковго жасалды. Салгылашууда жүздөгөн адам каза тапты, 3 миллиондон ашуун киши Украинадан чыгып кетүүгө арасыз болду. (ErN)

Дагы караңыз

Зеленский Украинанын аба мейкиндигин жабууну кайрадан сурандыКыргызстандык мигранттар британиялык программага катышатМедициналык окуу жайлардагы студенттердин 77% чет элдиктер түзөтУставдык капиталы 1 млрд. сомдук "Туризмди колдоо фонду" түзүлдү Жалгыз бой энени кыйнаган күбөлүк азабы