Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Кыргызстандык мигранттар британиялык программага катышат


Кыргызстандыктар сезондук айыл чарба иштерине мигранттарды тарткан британдык программага катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Буга байланыштуу макулдашууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышканын өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 17-мартта кабарлады.

Документке Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен AGRI HR компаниясы кол койду. Байсалов бул кызматташтык кыргыз-британ мамилеcин бекемдей турганын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында дүйнөнүн алдыңкы экономикасына ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө. Бул жалаң эле каражат табуу эмес, жергиликтүү маданият жана эмгек этикасы, алдыңкы технологиялар, эмгекти уюштуруу жана башка жаңычылдыктар менен таанышууга да шарт түзөт. Министрлер кабинети эмгек мигранттары үчүн жаңы багыттарды ачуу боюнча жигердүү иштерди улантат. Бул иш артыкчылыктуу болуп саналат жана антикризистик чаралар жаатында маанилүү орунду ээлейт", - деди ал.

Программага ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин республикага кайтып келүүгө милдеттүү.

2019-жылдан тартып Улуу Британияда өкмөттүк программа ишке кирген, анын алкагында айыл чарба иштерине чет элдик жарандарды тартуу үчүн квоталар бөлүнөт. Ага ылайык, жыл сайын бир катар өлкөлөрдүн жарандары ишке тартылат.

Украинанын аймагына басып киргени үчүн Орусияга бир катар өлкөлөр катаал санкцияларды салды. Мындан улам айрым чет элдик компаниялар Орусиядагы ишин убактылуу токтотту. Ал жакта жашап, эмгектенген мигранттар катаал чаралар олуттуу таасирин тийгизе баштаганын билдирип жатышат.

Калкынын саны 6,5 миллиондон ашкан Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Анын көпчүлүгү Орусияда иштейт.

XS
SM
MD
LG