Акыйкатчы институту Бишкекте акция өткөрүүгө тыюу салынышын сындады

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинаны колдоо боюнча акциялардын бири.

Акыйкатчы институту Ала-Тоо аянтында, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында митинг, акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынышын "Баш мыйзамга каршы келет" деп билдирди.

Институт бул тууралуу 17-мартта маалымат таратып, тынч жыйындарга тыюу салган Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жана аны күчүндө калтырган райондук соттун чечими эл аралык коомчулукка Кыргызстан адам укуктарын, эркиндиктерин чектеген мамлекет катары баалоого түрткү берерин эскертти.

Мекеме Конституциянын 39-беренесинде “ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу” экени так жазылганын белгиледи.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-марттан 11-апрелге чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинаны колдоо үчүн пикетке чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти. (BTo)

Дагы караңыз

Кар көчкүдөн улам Долон ашуусу убактылуу жабылдыБишкекте калкты каттоо үчүн 67 стационардык пункт ачылатОрус элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочуларды милиция кармап кеттиСеид Атамбаев Акаевдин жоопко тартылбаганын сындадыБишкекте Фарид Ниязовду бошотууну талап кылган митинг өтүп жататКыргызстанда доллар салыштырмалуу арзандадыАксы окуясынын катышуучуларына "Баатыр" наамын берүү сунушталды