Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

Бишкекте калкты каттоо үчүн 67 стационардык пункт ачылат


Бешикте жаткан баласын эмизип аткан эне.
Бешикте жаткан баласын эмизип аткан эне.

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өтө турган калкты жана турак жай фондун каттоо жараянына байланыштуу Бишкекте 67 стационардык бөлүм ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага караганда, борбор калаада 4 миңден ашуун кызматкерди эл каттоого тартуу пландалууда.

Мамлекеттик масштабдагы каттоо өлкө аймагында жашаган калктын расмий санын аныктоо үчүн он жылда бир жүрөт. 2019-жылга пландалган каттоо коронавирус пандемиясына байланыштуу 2022-жылга которулган.

Атайын даярдыктан өткөн каттоочулар он күн бою үймө-үй кыдырат. Эгер мурда маалымат кагаз түрүндө толтурулуп келген болсо бул жолу алар атайын иштелип чыккан мобилдик тиркемеге жүктөп турат.

Каттоодон өлкөдө жашаган ар бир адам, анын ичинде бир жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар да өтөт.

Каттоочу кызматкерлерге атайын күбөлүк жана QR код берилет, андыктан түрдүү алдамчылардан сак болуу үчүн чыныгы каттоочуларды ошол документтер аркылуу текшерсе болот.

Каттоодон өтүү үчүн эч кандай документ талап кылынбайт, ар бир адам кайсы жерде жашаганы тууралуу эмнени айтып берсе, ошол жазылат.

Жалпысынан үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны, билими, тили, жумушу, жаш курагы, жашоо-шарты, киреше булагы, коронавирус, үйдүн дубалдарынын материалы сыяктуу 40ка жакын суроо берилет. Алардын баарына бир үй-бүлөдөн бир эле адам жооп берсе болот.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери эл каттоо ушуну менен үчүнчү жолу өткөнү жатат. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий соңку жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланат.

Азыркы маалымат боюнча, Кыргызстандын калкы 6,5 миллионго чамалады. Акыркы жолу эгемен Кыргызстандын тарыхында эл каттоо 2009-жылы өткөн.

XS
SM
MD
LG