Евробиримдик жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында социалдык тармактарда ыдык көрсөтүүгө каршы маалыматтык өнөктүк башталды.
Анын алкагында ыдык көрсөтүү деген эмне экенин түшүндүргөн кыргыз жана орус тилдеринде видеолор тартылып, сүрөтчү Татьяна Зеленская иллюстрацияларды даярдады.
Өнөктүктүн негизги максаты - ыдык көрсөтүүнүн түрлөрү тууралуу маалымат берип, ага кабылган окуяларды коомчулукка жеткирүү.
Маалымат боюнча, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. (“Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы” жүргүзгөн изилдөө).
Ыдык көрсөтүү же харассмент – кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү. Ыдык көрсөтүү жумушта, көчөдө, же социалдык тармактарда болушу мүмкүн.
Дагы караңыз
CAFA U-18: Кыргызстандын футболчу кыздары үчүнчү орунду алдыS-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси кармалдыИИМ: Быйыл эки айда каржы пирамидаларына 133 киши алдандыКасым-Жомарт Токаев быйыл Кыргызстанга расмий сапар менен келетЖогорку Кеңеште жаңы эки депутат ант бердиКоронавирустан бир адам каза болуп, беш кишиден жаңы аныкталдыОрус аскерлери дарыгерлер менен бейтаптарды барымтага алганы кабарландыАялын мыкаачылык менен сабаган чет элдик адам издөөгө алынды