Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:24

Орус аскерлери дарыгерлер менен бейтаптарды барымтага алганы кабарланды


Орусиялык аскер күчтөрү аткылаган Мариупол порттук шаары.
Орусиялык аскер күчтөрү аткылаган Мариупол порттук шаары.

"Орус аскерлери Мариуполдун аймактык ооруканасынын медициналык персоналы менен бейтаптарын барымтага алды" деп билдирди Донецк облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко.

Мариупол шаары эки жумадан ашуун убакыттан бери орусиялык аскерлердин курчоосунда турат. Шаар эки тараптан кысылып, орус аскерлери тургундарды сыртка чыгарбай, гуманитардык жүктөрдү, биринчи кезекте, азык-түлүктү киргизбей жатканы айтылды. Курчоодогу шаарда электр жарыгы, жылуулук жана таза суу жок.

«Оорукананын кызматкерлеринин бири мындай кабарды жеткирүүгө үлгүрдү. «Ооруканадан чыгуу мүмкүн эмес. Катуу атышат, жертөлөдө отурабыз. Эки күндөн бери автоунаалар ооруканага жете албай жатат. Тегеректе көп кабаттуу үйлөр күйүп жатат. Орустар биздин ооруканага кошуна үйлөрдөн 400 адамды айдап келишти. Биз чыга албай жатабыз», - деди Павел Кириленко.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, Мариупол күн сайын артиллериядан, «Град» жана миномёттордон аткыланып, анда дээрлик бүтүн үй калган эмес. Аскердик эксперттер катуу блокаданы орус аскерлери Азов деңизинин жээгиндеги стратегиялык маанилүү аймактан баш тартууну талап кылып, тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Украинага кысым көрсөтүү максатында уюштурган деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG