Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Коронавирустан бир адам каза болуп, беш кишиден жаңы аныкталды


Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасы.
Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасы.

Саламаттыкты сактоо министрлиги соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус дагы беш адамдан аныкталганын билдирди. Алардын эң көбү Бишкекте – үч киши. Чүй менен Талас облусунда бирден адам, калган аймакта жаңы учурлар катталган жок.

Вирустан дагы бир бейтап каза болду. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий эсепте COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты, 2975 адам каза болуп, 196 миңге жакыны сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 121 бейтап ооруканада, 140 адам үйүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирус жуккан медициналык кызматкерлер болгон жок. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7746 учур катталды. Алардын ичинен 7572 дарыгер айыгып чыккан.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт. (BTo)

XS
SM
MD
LG