ИИМ: Быйыл эки айда каржы пирамидаларына 133 киши алданды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы ушул жылдын эки айында 133 киши каржы пирамидасына алданып, 61 миллион сом чыгым тартканын билдирди.

Бул убакыт аралыгында министрлик каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 ишти тергеп, 91ин сотко өткөрдү. Бул фактылардын көбү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган.

ИИМ каржы пирамидасы – финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрү экенин кабарлады. Мекеме шылуундар кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунуштап, курулушка жана айыл чарбага инвестиция кылуу боюнча убада беришерин эскертти.

ИИМ элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин кабарлады. (BTo)

Дагы караңыз

Касым-Жомарт Токаев быйыл Кыргызстанга расмий сапар менен келетЖогорку Кеңеште жаңы эки депутат ант бердиАялын мыкаачылык менен сабаган чет элдик адам издөөгө алындыS-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси кармалдыОрус аскерлери дарыгерлер менен бейтаптарды барымтага алганы кабарландыКоронавирустан бир адам каза болуп, беш кишиден жаңы аныкталды