Бишкектин Биринчи май округунда 27-февралда өткөн кайра шайлоону уткан Элвира Сурабалдиева 16-мартта Жогорку Кеңеште ант берди.
Ал 2015-жылы КСДП партиясынан депутат болгон. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен катышкан жана 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин вице-премьер-министр болуп төрт ай иштеген.
Былтыр ноябрда өткөн парламенттик шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышкан Мейкинбек Абдалиев да ант берди.
Ал Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалып, депутаттык мандатын тапшырган Равшан Сабировдун ордуна келди. Абдалиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында бир жылдан ашык убакыт депутат болуп иштеген.
Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет. (BTo)
Дагы караңыз
Аялын мыкаачылык менен сабаган чет элдик адам издөөгө алындыS-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси кармалдыОрус аскерлери дарыгерлер менен бейтаптарды барымтага алганы кабарландыКоронавирустан бир адам каза болуп, беш кишиден жаңы аныкталды"Биринчи каналдын" согушту жектеген журналистине айыппул салынды