Транспорт министрлиги: “Аэрофлот” каттамдарын келерки аптада улантат

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы Кыргызстанга каттамдарын келерки аптадан баштап улантат. Бул тууралуу 10-мартта Жогорку Кеңеште транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди:

“Бүгүнкү күндө “Авиа Траффик Урал” жана “Аэрофлот” авиакомпаниялары макулдугун беришти – эмки жумадан баштап, буюрса, уча баштайт. Ошондо абал ордуна келет жана башка чечимдер боюнча да тапшырмалар берилди. Өкмөттө иш жүрүп жатат”, - деди Тиллаев.

"Аэрофлоттун" расмий сайтында азырынча каттамдарды жандантуу тууралуу маалымат жок.

“Аэрофлот” 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтоткон. Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин бир катар өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын санкцияларына жана чектөөлөрүнө кабылып отурат.

Парламенттин бүгүнкү отурумунда миллионго чукул кыргыз жараны Орусияда мигрант болуп жүргөнү, алар учак каттамдары токтогондуктан мекенине каттоодо кыйынчылыкка дуушар болуп жатканы, авиабилет баасы 7 миң рублден 40 миңге чыкканы тууралуу маселе көтөрүлгөн. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Украинадагы аскерлери туткундалган учурлар бар экенин моюнуна алдыОш: мигрантка байланган турмушМуртазалиевдин каттоосу жокко чыкты, Атазовдуку күчүндө калды HRW: Орусияда согушка каршы чыккандарды куугунтуктоо күч алды