Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:43

Ош: мигрантка байланган турмуш


Орусиядагы мигранттар. Архив сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Архив сүрөт.

Жумушка жарамдуу калкынын дээрлик чоң бөлүгү Орусияда эмгектенген Кыргызстан үчүн орус рублинин куну түшкөнү миңдеген бүлөлөрдү камтама кылууда. Ушул тапта Кыргызстанда бир рубль 85-92 тыйындын тегерегинде. Рублдин курсу акыркы аптада кескин төмөндөдү.

Оштун тургуну Минайым Надыркулова шаардагы банктардын бирине кирип, Москвада эмгектенген кызы жөнөткөн акчаны ала албай калган. Кызынын үч баласы анын колунда. Ай сайын Орусиядан акча келип, неберелеринин тамак- ашына, окуусуна коротот экен.

"Кызым 3 миң рубль жөнөттү эле. Келсем, бардык жерде рубль жок деп жатышат. Азыр дагы бир банкка кирсем, жарымын рубль, жарымын сом менен алууну сунуштады".

Минайым Надыркулова.
Минайым Надыркулова.

Минайымдын айтымында, бир бүлөнүн күнүмдүк керектөөлөрү Орусияда иштеген мигрант кызынын жиберген акчасына көз каранды. Кызы өзү жалгыз Москвада иштеп, быйыл Кыргызстанда үй сала баштаган. Ал кызы менен сүйлөшүп, рублдин куну кетсе, үйдүн курулушун токтото турууну пландап жатыптыр.

"Кызымдын акчасын үй ремонтуна коротом. Анан балдарынын тамак-ашы, кийим-кечесине жумшайм. Жетпесе, өзүмдүн пенсиямды кошом. Кызымдын күйөөсү кайтыш болуп калган. Балдарын мен карап жатам. Курулушту кызым менен сүйлөшүп, токтотууну чечтик. Себеби, бул каражат менен эч нерсе бүтүрө албайсың".

"Өткөн жылдары пандемия, эми Украинадагы кырдаал"

Кыргызстанда соңку 15 жылдан бери (COVID-19 пандемиясына чейин) жакырчылыктын деңгээли төмөндөп келген. Маселен, 2006-2019-жылдар аралыгында жакырчылык көрсөткүчү 39,9 пайыздан 20,1 пайызга түшкөн. Жакырчылык менен күрөшүүдө чет өлкөдөн акча которуулар чоң салым кошту. Бирок өткөн жыл соңундагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Улуттук статистика комитети биргеликте жүргүзгөн иликтөөдө жакырчылык 25,3 пайызга жетип, калктын кошумча 8 пайызы жакырчылыкка батуу алдында турат деп айтылган эле. Эми буга кошул-ташыл болуп, кыргыз экономикасы Украинадагы согуштун кесепетин тартканы турат.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров биринчи сокку мигранттарга тийип жатканын белгиледи.

“Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу көптөгөн тармактарда жумушсуздук күчөшү мүмкүн. Бул мигранттардын мекенине кайтышын шарттайт. Рубль 60% пайызга түштү, демек, алардын кирешеси да ошончо түштү. Бул деген Кыргызстанга которулган каражат да эки эсе азаят дегендик. Ошондой эле мунай 1,5 эсе кымбаттап кетиптир. Кыскасын айтканда, экономикалык жактан бир топ сокку урулуп жатат. Бул башталышы эле окшойт. Алдыдагы эки айда дагы катуу байкалат деп ойлойм”.

COVID-19 пандемиясынан улам 2020-жылы киреше азайып, жумушсуз калган кишилердин саны кескин көбөйгөн. Бирок, өткөн жылы абал кыйла турукташканы айтылган эле. Маселен, былтыр Орусиядагы мигранттар 2 миллиард 700 миллион доллардан ашык каражатты мекенине которгон. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн төрттөн бирине барабар.

Кара-Кулжа районунун тургуну Айтикан Качиеванын баласы жакында эле Орусияга кетип, жумушка орношкон. Ал баласы биринчи маянасынан которгон акчаны алуу үчүн шаарга келгенин айтты.

Айтикан Качиева.
Айтикан Качиева.

"Барганына аз эле болду, иштейм, акча табам деп барды эле. Рубль төмөн экен, 1000 рубль 780 сом болот дешти. Бул жакта жумуш жок, айласыздан ал жакка барып иштеп жатышат. Суукту суук дебей. Эми минтип акча жиберсе, эч канча болбой калат экен. Үмүт менен кетти эле. Ал жакта да шарт кыйын деп атат. Эми кудайым тынчтык берсин. Ошону тилеп отурам".

Рублдин курсу Орусия Украинага согуш ачканына байланыштуу бир катар мамлекеттер киргизген санкциялардан кийин кескин төмөндөдү. Айрым банктардын Оштогу бөлүмдөрү рубль берүүнү чектеп жатканын Ош шаарынын тургуну Сулайман Нышанбаев маалымдады.

"Курсту 0.85 тыйындан берели дешти. Албетте, мага пайдасыз. Мен алгым келбейт да. Муну мээнет менен тапкансың. Абадан келген акча эмес. Азыр банкка эч нерсе дей албайбыз. Күткөндөн башка айла жок".

Насыяга батир алган мигранттар

Москвада иштеген Уланбек Жаанбаев борбор калаадагы “Дөөлөт курулуш” фирмасынан 10 жыл мөөнөткө батир сатып алган. Ал келишим боюнча ай сайын 440 АКШ долларын төлөйт.

"Батирди баштапкы төлөмү жок, 10 жылга алганбыз. Ай сайын 32-33 миң сомдон төлөп келгем. Бул биздин Москвадагы жашообуздан, күнүмдүк керектөөлөрдөн үнөмдөп чогулткан сумма. Ошентип кенен төлөп келчүбүз. Анан азыр доллар көтөрүлгөндө, фирмадан чалып сурасам, 45 миңге жетип калат экен. Мен бул сумманы төлөй албайм, тамак-аштан ашпайт экен десем, алар жакын арада жообун айта турганын билдирди. Жок дегенде 35-36 миң сомго төлөй тургандай кылып чечип беребиз дешти. Алардын жообун күтүп жатам".

Соңку аптада рублдин төмөндөп жатканы үчүн Оштогу курулуш фирмаларынан төлөө мөөнөтүн 1-2 айга жылдырып турууну суранып кайрылгандар көбөйгөнү байкалган. “Артстройбат” курулуш компаниясынын өкүлү Бакыт Рыскулов Орусиядан 3-4 мигрант ушул боюнча кайрылганын айтты.

"Курс түшө элек кезде 30 миң рубль төлөп келгенбиз. Ал 30 миң сомдон тегерегиндеги каражат болчу. Азыркы курс менен 30 миң рубль 18-20 миң сом болуп калып жатат. Негизи курулуш фирмалардын көпчүлүк кардарлары мигранттар. Чет өлкөдө иштеген жаштар. Ошон үчүн көпчүлүк мигранттар бир ай жылдырып бериңиздер деп кайрылууда. Мен мурун “Эмаком” курулуш компаниясында иштегем. Ошол компаниядан батир алгандар мага кайрылып жатышат".

“Авангард Сити” курулуш фирмасынын Оштогу бөлүмүнүн өкүлү Өмүрзак Маматазим уулу дагы рубль кунуна байланыштуу төлөмдөрдү 1-2 ай төлөбөй турууну сурангандар болуп жатканын билдирди.

"Рублдин түшүп кеткени биздин кардарларга таасирин тийгизди. Доллардын көтөрүлгөнү таасир эте элек. Себеби, мурунку курс менен төлөп жатышат. Рубль тушүп кеткенден кийин бизде 2-3 кардарыбыздын төлөө мөөнөтү бүтөйүн деп калган болчу. Аларга жеңилдик берип, мүмкүнчүлүгүңөр болгондо төлөйсүңөр деп сүйлөштүк. Балким, 2-3 айдан кийин төлөп калышса керек".

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгектенсе, анын миллиону Орусияда. Жумуш издеп чыгып кеткендердин көбү элет жеринен.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG