Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Орусия Украинадагы аскерлери туткундалган учурлар бар экенин моюнуна алды


Орусиянын аскер техникасы, Буча шаары. 1-март, 2022-жыл
Орусиянын аскер техникасы, Буча шаары. 1-март, 2022-жыл

Орусиянын Коргоо министрлиги милдеттүү аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлер Украинадагы согушка тартылганын моюнга алды. Министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков шаршембиде "айрым бөлүктөрдө" ошондой аскерлер "бар болуп чыкканын" билдирип, алар украин жергесинен чыгарылганын кошумчалады.

Буга чейин орус расмийлери согуштук аракеттерге куралдуу күчтөргө келишимдик негизде келген аскер кызматкерлери гана катышып жатканын айтып келген.

Орус армиясы ошондой эле айрым аскерлерин Украинада туткунга алышканын биринчи жолу ачык айтты. Мурда андай маалыматтар комментарийсиз калып же бийлик төгүндөп келген. Бирок канча аскер туткунга түшкөнү такталган жок. Министрлик аларды бошотуу жана милдеттүү кызмат өтөгөн жоокерлерди согушка тартпоо үчүн чаралар көрүлүп жатканына ишендирди.

Орусия Украинага басып киргенден кийин "Жоокерлердин энелери комитети" кошуна өлкө менен чек арага армияга чакырылган жаш аскерлер жөнөтүлгөнүн, айрымдарына күч менен келишимге кол койдуруп алышканын билдиришкен.

7-марта Украинанын ички министринин кеңешчиси Антон Геращенко орусиялык 2 миң аскер туткундалганын айткан. Бирок бул маалыматты көз каранды эмес булактар тарабынан ырастоо мүмкүн эмес. Касташкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, каршылаштарыныкын көбөйтүп беришет.

XS
SM
MD
LG