Орусия эки жума мурда Украинага басып киргенден бери 18 медициналык жайды бутага алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 9-мартта Мариупол шаарында орус аскерлеринин аба соккусунан төрөткана талкалангандан кийин билдирди. Украин расмий өкүлдөрү бомбалоодон бери дегенде 17 киши жарадар болгонун маалымдады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ооруканаларга, тез жардам машинелерине болгон чабуулдардан 10 киши каза тапканы тастыкталганын белгиледи.
Мариуполдун шаар полициясынын жогорку өкүлү Владимир Никулин урандылардын жанында туруп, “Орусия бүгүн ири согуш кылмышына барды. Бул согуш кылмышын актоого болбойт” деп айтты. Украинанын президенти Владимир Зеленский соккуну "жырткычтык" деп атап, урандылардын астында адамдар калганын айткан.
Ал арада Житомирдин мэри шаарга түшкөн бомбалар эки ооруканага тийгенин, бири балдар клиникасы экенин Фейсбукка жазды. Мэр эч ким жараат албаганын кошумчалады.
Ооруканага сокку урууну Вашингтон, Лондон, Ватикан баш болгон эл аралык коомчулук катуу айыпташты. Британ премьер-министри Борис Жонсон орус президенти Владимир Путин “үрөй учурган кылмыштары үчүн жоопко тартыларын” Твиттерге жазды.
Дагы караңыз
ТИМ уюштурган акысыз учак Кыргызстанга Польшадан учуп келетЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик чегинде курал колдонулган окуя катталдыМинистр Исманкуловдун медициналык борборун имараттан чыгаруу иши жүрүп жатканын билдирдиОшто зомбулукка кабылган келин милицияга кайрылды