Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:18

Министр Исманкуловдун медициналык борборун имараттан чыгаруу иши жүрүп жатканын билдирди


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

№6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборун имараттан чыгаруу иши жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында Алмаз Исманкулов имаратты бошотом деген убадасына турган эмес.

"20 күн мурда барып Исманкуловго "20 күндө бошотуп кой" десем макул деген. Бүгүн келсем качып атпайбы, телефон чалсам албайт. Анан башкы дарыгерине чал деп сүйлөштүм. Эмне эле алдап, качып жүрөсүң, үч сааттын ичинде чыгып кет дедим. Өзүмдүн жансакчыларыма тостуруп койдум. Эч кимди киргизбейт".

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айтуусунда Алмаз Исманкулов өткөн жылы Бишкек мэриясы аркылуу имаратты ижарага алуу мөөнөтүн узартып алган. Бирок министрлик ал келишимди сот аркылуу жокко чыгарган.

Азырынча дарыгер Алмаз Исманкуловдун ооруканасынын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору мамлекеттик имараттан чыгарыларын өткөн айда билдирген.

Буга чейин Бишкектеги №2 Клиникалык төрөт үйүнүн короосундагы КАМЭК жеке клиникасы жайгашкан имарат мамлекетке кайтарылган.

XS
SM
MD
LG