Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чегинде курал колдонулган окуя катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.

Окуя болгон жерге тажик чек арачыларына башка да аскерлери жардамга келгени, натыйжада алар көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракет кылышканы, бирок кыргыз тарап андайга жол бербегени маалым болду.

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, атышуу башталып, 10 мүнөттөй уланган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.

"Азаттыктын" тажик кызматы өздүк булактарына таянуу менен ок атышууда бир тажик чек арачысы каза таап, бир дыйкан жабыр тартканын жазды.

Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү дароо телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, аскерлерди окуя болгон жерден алууну жана кошумча күч-каражат тартпоону макулдашышты. Учурда Баткен району менен Исфара районунун акимдери сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылды.

Кыргыз тарап Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал жакты кыргыз жарандары пайдаланып келерин билдирди.

Тажикстандын расмий органдары бүгүнкү окуя тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган. (RK)

XS
SM
MD
LG