Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Омбудсмен болуп жаңы шайланган Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин сайты жазды.
Жапаров акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракетинин мыйзамдуулугун, адам укуктары менен эркиндигинин сакталышын көзөмөлдөп, мамлекеттик кызматкерлерге арызданган жарандардын дооматын кароочу институт экенин белгиледи. Жапаров жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял кишинин шайланганын белгилеп, бул тармакта жакшы жылыштар болоруна ишеним артаарын билдирди.
2-мартта Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырган. 41 жаштагы Атыр Абдрахматова буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлооодо Жети-Өгүз районунан бир мандаттуу округдан ат салышкан. (TSh)
Дагы караңыз
Чүй: Интернеттеги видеодон кийин иштен кеткен мугалим кайра жумушка чыктыКоомдук ишмер Роза Айтматова 85 жашка толдуБишкектеги маршта милиция башка өлкөнүн желегин көтөрүүгө тыюу салды