Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:24

Чүй: Интернеттеги видеодон кийин иштен кеткен мугалим кайра жумушка чыкты


Билим берүү жана илим министринин орун басары Бактияр Орозов менен Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Жылдыз Садырбаева.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Бактияр Орозов менен Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Жылдыз Садырбаева.

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Жылдыз Садырбаева кайра ишке чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

“Буга айрым окуучулардын ата-энелеринин суранычы жана министрликтин колдоосу себеп болду” деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.

21-январда аталган мектептин мугалими менен окуучунун чыры тартылган видео Интернетке тарап, окуяны териштирген этика комиссиясынын чечими менен мугалимге сөгүш жарыяланган. Андан кийин мугалим өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Соңку кездери интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, шылдыңдаган, бири-бирине кол көтөргөн видеолор көп тарай баштады. Айрымдары боюнча териштирүү жүрүп, мугалимдер иштен алынган учурлар бар.

22-февралда Жогорку Кеңештин сайтында мугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анын негиздемесинде мугалимге окуучулар менен катар алардын ата-энелери жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү жазылган. Мунун баары педагогдун коомдогу өзгөчө укуктук макамынын төмөндөшүнө алып келгени белгиленген.

Эгер мыйзам колдоо тапса, жаза катары 2 же 3 миң сом айыппул салынат. Мындай жорук кайталанса, чоңдорго 5 миң сом айыппул салынат же аларга карата 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Ал эми окуучуларга 4 миң сомдук айыппул салынат. (TSh)

XS
SM
MD
LG