Чүйдө кар көчкү басып калган адам каза болду

Жалал-Абадда февралдагы кар көчкүдөн кийин тартылган сүрөт.

3-мартта Чүй облусунда кар көчкүдө бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликке Кемин районундагы Жел-Арык өрөөнүндө үч мергенчинин бири дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар кечке жуук 49 жаштагы адамдын сөөгүн табышкан.

Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

Февраль айынын орто ченинде Жалал-Абад облусунда кар көчкүнүн кесепетинен төрт адам дайынсыз жоголгон. Алар "Чайна Роуд" жол куруу ишканасынын кызматкерлери. 26-февралда алардын экөөнүн сөөгү табылган.

Дагы караңыз

Эки айда пландан тышкары 371 млн. сом камсыздандыруу төлөмдөрү чогултулдуБалыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жол долбоорун иштеп чыгуу башталдыӨкмөт сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бурууга чакырдыСанкциялардын Кыргызстанга таасири: экономикадан киного чейин