Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:21

Өкмөт сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бурууга чакырды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери менен видеоконференция байланышы аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында кабарланды.

Жыйында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, президенттин "үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо жана башка актуалдуу маселелер каралган.

"Аймактардагы төрөт үйлөрүнүн абалына, сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бургула", - деди Жапаров.

Ал ошондой эле, өкмөт мамлекеттик банктар аркылуу таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар сыяктуу бизнес долбоорлорду биргелешип каржылоого даярдыгын билдирген.

2021-жылы Конституция өзгөргөндөн кийин облус жетекчилери президенттин расмий өкүлү деп аталат. Район акимдерин дагы президент дайындайт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрация жетекчиси болуп саналат.

XS
SM
MD
LG