Украинадан 800 миңден ашуун адам чыгып кетти

Польшага келген украиналык качкындар.

Орусия согуштук аракеттерди баштагандан бери Украинанын аймагынан 830 миңдей адам чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы билдирди.

Украиналык качкындарды негизинен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер жана Молдова кабыл алып жатат.

Мунун алдында Польшанын президенти Анжей Дуда алардын өлкөсүнө 500 миңдей киши качып өткөнүн маалымдаган.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. (ErN)

Дагы караңыз

Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматова тандалды"Даниядагы өнөктөштөрүм келишим күчүндө экенин айтышты"Кармаштын чордонунда калган ХарьковApple Орусиядагы ишин токтотууда