Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматова тандалды


Атыр Абдрахматова, медиаюрист.
Атыр Абдрахматова, медиаюрист.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырды. Бул кызматка Турсунбек Акун, Маматурайым Момунов жана Бакытбек Узенбаев да көрсөтүлгөн.

Парламенттин 2-марттагы жыйынында депутаттар көпчүлүк добуш менен Абдрахматованы тандашты. Добуш берүү жашыруун жүргүзүлүп, жыйынтыгы төмөнкүчө болду:

  • Атыр Абдрахматова -50;
  • Маматурайым Момунов - 9;
  • Бакытбек Узенбаев - 13;
  • Турсунбек Акун - 2;
  • Баарына каршы - 3.

Ушул эле күнү Абдрахматова акыйкатчы катары ант берди

Кыргызстандын акыйкатчысы кызматы 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турат. Мурдагы омбудсмен Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

41 жаштагы Атыр Абдрахматова буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлооо Жети-Өгүз районунан бир мандаттуу округдан ат салышкан.

XS
SM
MD
LG