Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматова тандалды

Атыр Абдрахматова, медиаюрист.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырды. Бул кызматка Турсунбек Акун, Маматурайым Момунов жана Бакытбек Узенбаев да көрсөтүлгөн.

Парламенттин 2-марттагы жыйынында депутаттар көпчүлүк добуш менен Абдрахматованы тандашты. Добуш берүү жашыруун жүргүзүлүп, жыйынтыгы төмөнкүчө болду:

  • Атыр Абдрахматова -50;
  • Маматурайым Момунов - 9;
  • Бакытбек Узенбаев - 13;
  • Турсунбек Акун - 2;
  • Баарына каршы - 3.

Ушул эле күнү Абдрахматова акыйкатчы катары ант берди

Кыргызстандын акыйкатчысы кызматы 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турат. Мурдагы омбудсмен Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

41 жаштагы Атыр Абдрахматова буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлооо Жети-Өгүз районунан бир мандаттуу округдан ат салышкан.

Дагы караңыз

Депутат Шакиев Орусиянын каналдарын каржылоону токтотууну сунуштадыДепутат Айдарбеков Эл аралык комитеттин төрагасы болуп шайландыӨмүрзаков: Украинадагы кырдаалдан улам даниялык өнөктөштөр келишимди үздү