Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Депутат Айдарбеков Эл аралык комитеттин төрагасы болуп шайланды


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Депутат Жанарбек Акаев “Альянс” фракциясынын лидери болуп шайлангандыгына байланыштуу комитет төрагалыгын өткөрүп берген.

"Альянс" фракциясынын буга чейинки лидери Алтынбек Сулайманов 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

45 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков 2018-2020-жылдары Тышкы иштер министрлигин башкарган.

XS
SM
MD
LG