Ош шаарында “Нур ТВ” телеканалынын оператору Тимурлан Эрнис уулунун сабалышын милиция териштирип жатат. Каналдын редактору Мээрим Абдиллажанованын айтымында, оператордун оозу жырылып, ооруканага кайрылды.
28-февралда оператор менен кабарчы вице-мэр Жасур Азимовго интервью алганы барышкан. Баштапкы маалыматтарга караганда журналисттер менен кабылдамада отурган жарандар кезек талашып чыр чыккан жана алардын бири операторду уруп жиберген.
Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлады.
"Нур ТВ" 2017-жылдан бери санарип пакетте 24 саат обого чыгат. Баш кеңсеси Ошто жайгашкан.(AAb)
Дагы караңыз
Орусия элчилигинин алдында Украинаны колдогон акция өтүүдөБалбан Алмаз Сманбеков Түркиядагы мелдеште алтын байге алдыАтазов шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирдиУкраина: качкындар саны 400 миңге жакындадыЕвробиримдик RT жана "Спутник" медиаларына тыюу салатЕвробиримдик орус учактары үчүн аба мейкиндигин толук жабат