Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:17

Украина: качкындар саны 400 миңге жакындады


Украина-Польша чек арасы, Пржемышль. 26-февраль, 2022-жыл.
Украина-Польша чек арасы, Пржемышль. 26-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын 24-февралдагы куралдуу басып кирүүсүнөн кийин өлкөсүн таштап кеткен украин жарандарынын саны 400 миңге жакындады. Мындай маалыматты БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы билдирди.

Анда Украинанын бийлигинин 27-февралдагы маалыматына ылайык, өлкөсүн таштап кеткен жарандардын саны 368 миңден ашканы жана дагы өсүп жатканы айтылат.

Евробиримдиктин кризисти башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич 27-февралда Орусиянын Украинага каршы согушу “жети миллиондон ашык адамды” жер которууга мажбурлашы мүмкүн деп билдирген.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.

XS
SM
MD
LG