Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Орусия элчилигинин алдында Украинаны колдогон акция өтүүдө


25-февралда өткөн акция.
25-февралда өткөн акция.

Бүгүн, 28-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Украинаны колдогон кезектеги акция өтүүдө.

Акцияга чыккан ондогон кыргызстандыктар "Согушка жол жок!", "Тынчтык үчүн!", "Украинага даңк!", "Алдоону жана өлтүрүүнү токтот!" деген жазууларды кармап турушат.

Жарандык активисттер Бишкекте жана Ошто Украинаны колдогон акцияларды 24-25-февралда дагы уюштурушкан.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Беш күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.

Украинага тилектештик билдирген, Москванын кадамын сындаган акциялар дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG