Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрттөн бир аял көз жумду

Өрт чыккан үй.

Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу 3-кичирайондо көп кабаттуу үйдөн бүгүн, 26-февралдын таңында өрт чыгып, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Каза болгон аялдын ким экени такталууда.

Акыркы учурда Бишкекте чар-жайыт салынган имараттардан улам өрт өчүргүч, куткаруу кызматынын иши татаалдашканын адистер айтып келишет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр 2900дөн ашык өрт кырсыгы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 17% көп. Кырсыктан 40тай киши каза болгон. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар.

Адистердин айтымында, кырсыкка көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болот. (BCh)

Дагы караңыз

Киевде көп кабаттуу үйгө ракета тийдиУкраинадан чыга албай калган борбор азиялыктарВладимир Зеленский Киевде экенин билдирдиКыргызстан Орусия менен Украинаны сүйлөшүүгө чакырды