Учурда Украинанын аба мейкиндиги толугу менен жарандык авиацияга жабык турат. Дүйнөлүк авиакомпаниялар коопсуздук чараларынан улам Киевге түз каттамдарын токтотту.
Түзүлгөн кырдаалдан улам бир катар чет элдин жарандары Украинадан чыга албай калды. Айрым мамлекеттер жарандарын алып кетүү жолдорун караштырып жатат. Борбор азиялыктардын абалы кандай?
Украинада өзбекстандыктардын саны такталууда
"Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясы 27-февралга жана 2-мартка пландалган Ташкент - Киев - Ташкент каттамдары аткарылбай турганын кабарлады.
Авиакомпаниянын маалыматына караганда, аталган каттамдарга билет сатып алгандар акчасын кайтарып алып, же учуулар калыбына келгенден кийинки башка каттамдардын билеттерине алмаштырса болот.
Буга чейин соцтармактарда бейшемби күнү Киевден Ташкентке учкан Sky Up Airlines авиакомпаниясынын каттамы Молдованын борбору Кишиневго конууга аргасыз болгону тууралуу маалымат жарыяланган. Мындан тышкары 24-февраль күнү эртең менен Краснодарга учкан каттам Орусиянын Ростов облусунун аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу Наманганга кайра конгону кабарланган эле.
Ал ортодо бейшембиде Өзбекстандын Киевдеги элчилиги Украинада аскердик режим киргизилгенине байланыштуу өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган өзбек жарандарын эвакуациялоо планы түзүлүп жатканын билдирди.
"Учурда Украинанын аба мейкиндиги жабык экенин эске алуу менен өлкөдөн чыгуунун маршруттары жана уча турган жер такталып жатат. Эвакуациянын ылайыктуу жолдоруна кызыкдар үчүнчү өлкөлөр менен макулдашкандан кийин кошумча маалыматтар берилет. Украинадан чыгып кеткиси келген жарандар элчиликтин электрондук дарегине паспорттогу маалыматтарын жөнөтүшсө болот", - деп жазылган Өзбекстандын Киевдеги элчилигинин билдирүүсүндө.
Казакстан жарандарын чыгарууга бел бейлады
Ал эми Казакстандын Украинадагы элчиси Дархан Калетаев да өлкөдөн чыгууну каалаган 486 казакстандык кайрылганын "Информбюро" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
"Азыр аэропорт издеп жатабыз. "Эйр Астананын" учагын кондурууга мүмкүнчүлук табуу керек. Беларус менен чек ара жабык. Жол Одесса аркылуу өткөндүктөн Молдовага баруу да кооптуу, ал жактарда согуш жүрүп жатат. Эң коопсуз багыт – бул Львов шаары. Жарандарга ошол жакка барууну сунуштайбыз. Андан ары аларды Польшага же Венгрияга чыгарып кетүүгө аракет кылабыз. Ал жарандардын Европага кире турчу визалары жок, ошондуктан бизге кайсы өлкө "жашыл коридор" бере турганына жараша болот. Азырынча план ушундай".
Калетаевдын айтымында, эгерде казакстандыктар Львовго өз убагында барса, биринчи рейс 26-февралга караган түнү Польшанын Катовице шаарынан Атырауга учат.
Расмий маалымат боюнча Казакстандын Киевдеги башкы консулдугунда 517 жаран убактылуу, ал эми 1113 казакстандык туруктуу каттоодо турат. Алар негизинен Киев, Одесса, Харьков жана Львов облустарында жашап иштешет.
Ошондой эле бейшембиде Казакстандын "Эйр Астана" авиакомпаниясы "Украинанын аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу Киевге 7-мартка чейин каттамдарды толугу менен токтотконун" билдирди.
Тажик бийлиги Украинадагы жарандарына кайрылды
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 24-февралда Украинадагы тажикстандыктарга кайрылып, өлкөдө өзгөчө абал жарыяланганына байланыштуу ыкчам штабдын эрежелерин так сактоого, тынчтыкты сактап, мүмкүн болушунча үйдөн чыкпоого чакырды.
Тажикстандын Киевдеги элчилиги дипломаттар Украинадан кетүүнү каалаган мекендештердин тизмесин түзүп жатканын “Озоди” радиосуна билдиришти.
"Украинада чукул кырдаал киргизилген, бирок учурда Киевде абал салыштырмалуу тынч. Бориспол районундагы жардырууда Тажикстандын жарандары жабыркаган жок", - деди тажик элчиси Давлатали Назризода.
Ошондой эле "Озоди" радиосу Украинада жашаган тажикстандык мигранттардын айрымдары менен байланышып, кырдаал тууралуу сураган. Анда баш калаа Киевде жашаган Хайдаршо Зайдов шаардагы жалпы жагдайды айтып берген.
"Борбордо абал салыштырмалуу тынч, жалпысынан эл таң калган деле жок. Окуялардын мындай өнүгүшүнө дээрлик бардыгы алдын ала даярданышкан. Бийлик буга чейин тургундарга кол салуу болгон учурда өзүн кандай алып жүрүү керектигин түшүндүргөн. Аскердик чабуул Украинанын батышындагы жана түндүгүндөгү аймактарга жасалды. Мындан бир нече күн мурда аскер башкармалыктарына запастагы жоокерлер чакырылды. Азыр борбор калаанын көчөлөрүндө аскерлер дээрлик жок, бирок Киевге кире бериште блокпосттор күчөтүлдү", - деди тажикстандык Хайдаршо.
Тажикстандык Саида болсо үй-бүлөсү менен Запорожье шаарында жашайт.
"Эртең менен шаардын бардык тургундары сиреналардын үнүнөн ойгонушту. Бизге үйдө болгула деген кеңеш берилди. Балдарыбызды мектептен шашып алып кеттик. Мектептер жабылды. Биздин туугандарыбыз Харьковдо жашайт, алардын абалы начар. Запорожьеде тынч, бирок базарлар, ишканалар иштебейт, көчөлөрдө аскер техникалары көп".
Жумахон аттуу тажик мигрант Киевге жакын жердеги жыгач иштетүүчү ишканада иштерин, бирок эмгек мигранттар жаңжал башталардан бир жума мурун эле өлкөдөн чыгып кетишкенин айтат.
"Биздин ишкана жабылды, качан иштеп баштайт билбейбиз. Азыр жумуш жок, ошондуктан Тажикстанга кайткыбыз келет. Түштүк Корея менен Индонезиядан келген мигранттар Киевден бир жума мурун эле чыгып кетишкен. Биз согуш чыгып кетерин билбей калып калдык".
Учурда Украинада Тажикстандын сегиз миңге жакын жараны жашайт. Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жүздөн ашуун тажикстандык студент Украинанын жогорку окуу жайларында билим алууда.
"Түркмөндөр Украинада кароосуз калышты"
"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы буга чейин Украинада чет өлкөлүк студенттердин арасында түркмөнстандыктардын көп экенин байма-бай жазып келген. Эми соңку кырдаалга байланыштуу соцтармактарда алар кыйын кырдаалга кептелип, коопсуз жайларды издеп жүргөндөрү тууралуу маалыматтар чыгууда.
Францияда жашаган түркмөнстандык саясатчы Мурад Курбанов Украинадагы түркмөн студенттер менен байланышып, аларга кеңеш берип жатканын YouTube каналында айтты.
"Украинада 4700гө жакын түркмөн жашайт. Алар негизинен 18-22 жаштагы жаштар. Андан сырткары эмгек мигранттары да көп, азыр алардын баары кооптуу абалда. Биздин жарандар эртең менен мага телефон чалып, "Мурад, жардам бер, элчиликке бардык, бирок алар бизди кууп чыгышты, кимге кайрыларыбызды, эмне кыларыбызды билбей калдык" деп жардам сурашты", - деди ал.
Ал эми түркмөн блогер Нурмухаммет Аннаев да Украинада окуп жүргөн түркмөн студенттердин абалына тынчсызданып жатканын билдирди. Ал согуш баштала электе активисттер түркмөн бийлигине видео кайрылуу жасап, Украинадагы мекендештеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө чакырганын эскертти.
"Түркмөн өкмөтү элчилик менен консулдуктун кызматкерлерин Украинадан чыгарып, өз жарандарын кайрадан унутуп койду", - дейт Аннаев.
Ал ошондой эле жаңжал башталганда Түркмөнстандын Киевдеги элчилигине барганын, бирок ал жакта эч ким жок экенин көрүп кайтканын кошумчалады.
"Алар өздөрү кетип, бизди маңдайыңарга жазганды көрөсүңөр деп калтырышты", - дейт түркмөн блогер.
“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигине жана Украинадагы элчилигине телефон чалып, ал өлкөдөгү түркмөнстандык студенттерди жана эмгек мигранттарын коргоо үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын билүү аракетинен майнап чыккан жок.
Кыргызстандын жарандары Венгрия аркылуу чыгарылат
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын Венгрия аркылуу (Будапешт - Стамбул - Бишкек) алып чыгып кетүү жолдорун иштеп чыкты.
Маалыматка ылайык, Украинага мыйзамдуу жол менен келген жана жанында тийиштүү документтери болгон гана жарандар эвакуацияланат. Мындан сырткары алар Венгрия аркылуу Кыргызстанга чыгып кетүү үчүн авиабилеттерди алуусу зарыл.
Кыргызстандын жарандары украин-венгр чек арасындагы “Чоп” өткөрмө бекетине жетүү үчүн жол кирени да өздөрү төлөшү кажет. Венгриянын аймагында аларды аэропортко чейин Кыргызстандын Будапешттеги элчилигинин өкүлдөрү коштоп барат.
ТИМдин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. Министрлик учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгилейт.
Орусия 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди. Украинанын бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады, Москва муну ырастаган жок.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объектилерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.
Украинадагы аба кыймылын тейлеген "Украэрорух" мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди.