Эгер Орусия Украинага кол сала турган болсо Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия орусиялык компаниялардын америкалык доллар жана британиялык фунт стерлинг алуусуна чектөө коюларын 20-февралда британ премьер-министри Борис Жонсон эскертти.
Жонсон BBCге курган маегинде “Орусия Европада 1945-жылдан берки эң масштабдуу согушту баштагысы келип турат” деген оюн айтты. Эгер ошондой боло турган болсо мурда айтылган санкциялардан да катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен премьер-министр орусиялык компанияларга доллар жана фунт менен соода кылууга тыюу салынарын, орусиялык олигархтар жашынарга жер таппай каларын айтты.
1991-жылы Советтер Союзу урагандан кийин Орусиядан Улуу Британиянын аймагына жүз миллиарддаган долларлык каражат агылганын британ тарап расмий айтып келет.
Орусия ушу тапта Украина менен чек ара тилкесинде кеминде 150 миңдей аскер кызматкерин топтоп турат. Киев орусиялык жикчилерди украин тарапка ок атып жатат деп күнөөлөөдө. Орусия тескерисинче "украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат" деп Киевди айыптоодо. (RK)
Дагы караңыз
Мартта баштала турган эл каттоонун жол-жобосу айтылдыЖурналисттин камактагы мөөнөтү узардыУкраин кризиси Макрон-Путин сүйлөшүүсүндө жана АКШнын Коопсуздук кеңешинде талкууланат"Көзүмдөн айрылдым. Кайнак суу куюп, жаагымды сындырышты".