Казакстанда кандуу январь айындагы тоз-тополоңдо жараат алып, кийин күч органдарынын кыйноосуна кабылдык деген жарандардын саны арбын. Алардын айрымдары тергөө абагынан дале чыга элек. Бийлик башаламандыкка байланыштуу кармалгандар кыйноо көргөн деген дооматты четке кагууда.