Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Украин кризиси Макрон-Путин сүйлөшүүсүндө жана АКШнын Коопсуздук кеңешинде талкууланат


Орус-украин чек арасынын жанында турган Орусиянын аскерлери. 2022-жылдын 13-февралы.
Орус-украин чек арасынын жанында турган Орусиянын аскерлери. 2022-жылдын 13-февралы.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн 20-февралда Украина боюнча маселени телефон аркылуу талкуулашат деп пландалууда.

Бул сүйлөшүү Батыш Орусияны “Украинанын жанында он миңдеген аскерин топтоп, кол салууга даярданып турат» деп айыптап жаткан учурда туш келүүдө. Москва айыптоолорду четке кагып, Украинага кол салуу планы жоктугун билдирүүдө.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) мониторинг жүргүзүүчү миссиясынын маалыматына караганда, украин аскерлеринин жана Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилердин ортосундагы тилкеде ок атышууну токтотуу тууралуу келишим бузулуп жаткан учурлар “кескин көбөйгөнү” байкалууда.

19-февралда ЕККУ Донецк жана Луганск облустарында ок атышпоо режими бузулган учурлардан бир күндө 1,5 миңи катталанын билдирди.

20-февралда Украина ок атуу көбөйгөндүктөн орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн чыгыш Донбасстын аймагындагы жети блокпостунун бирөөнү жабууга мажбур болгонун жарыялады.

Орусия Украинага жакынкы кезде кол салышы ыктымал экенин айтып келген АКШ президенти Жо Байден 20-февралда Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Украина маселесин талкуулаганы жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG