Быйылкы жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин Кыргызстанда элди жана турак жайды каттоо жараяны өтөт, алыскы райондордо каттоо 23-апрелде башталып 2-майда жыйынтыкталат. Бул тууралуу 19-февралда АКИpress маалымат агенттигине курган маегинде Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын башчысы Элмира Мамбеталиева билдирди.
Мамбеталиеванын айтымында, мамлекеттик масштабдагы каттоо өлкө аймагында жашаган калктын расмий санын аныктоо үчүн он жылда бир жүргүзүлөт. 2019-жылга пландалган каттоо коронавирус пандемиясына байланыштуу 2022-жылга которулган.
Атайын даярдыктан өткөн каттоочулар он күн бою үймө-үй кыдырышат. Эгер мурда маалымат кагаз түрүндө толтурулуп келген болсо бул жолу алар атайын иштелип чыккан мобилдик тиркемеге жүктөп турушат.
“Кээ бир чет мамлекеттердей адамдар каттоодон тиркемени өз алдынча толтуруп өтө алышабы?” деген суроого Мамбеталиева “Азырынча биз андайга техникалык жактан даяр эмеспиз” деп жооп берди.
Каттоодон өлкөдө жашаган ар бир адам, анын ичинде бир жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар да өтөт.
Каттоочу кызматкерлерге атайын күбөлүк жана QR код берилет, андыктан түрдүү алдамчылардан сак болуу үчүн чыныгы каттоочуларды ошол документтери аркылуу текшерсе болот.
Каттоодон өтүү үчүн эч кандай документ талап кылынбайт, ар бир адам кайсы жерде жашаганы тууралуу эмнени айтып берсе, ошол жазылат.
Жалпысынан үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны, билими, тили, жумушу, жаш курагы, жашоо шарты, киреше булагы, коронавирус, үйдүн дубалдарынын материалы сыяктуу 40ка жакын суроо берилет. Алардын баарына бир үй-бүлөдөн бир эле адам жооп берсе болот.
Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери эл каттоо ушуну менен үчүнчү жолу өткөрүлгөнү жатат. Статистика мекемеси бардык маалымат бекем сакталарын, сервердин коргоо даражасы он эсе экенин айтууда.
Чет жактагы кыргызстандыктар боюнча суроого Мамбеталиева “Эгер алар бир жылга чейинки мөөнөткө кеткен болсо, каттоого алынат, ал эми бир жылдан ашык убакыт болсо, анда Кыргызстандын калкынын санына кирбейт” деп билдирди.
Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий соңку жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланат.
Азыркы маалымат боюнча, Кыргызстандын калкы 6,5 миллионго чамалады. Акыркы жолу эгемен Кыргызстандын тарыхында эл каттоо 2009-жылы өткөн. (RK)
Дагы караңыз
Журналисттин камактагы мөөнөтү узардыУкраин кризиси Макрон-Путин сүйлөшүүсүндө жана АКШнын Коопсуздук кеңешинде талкууланат"Көзүмдөн айрылдым. Кайнак суу куюп, жаагымды сындырышты". Адвокат: Инандыдан алгачкы көрсөтмөнү басым жана кыйноо менен алышкан